Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы Алымбек датка этно борборундаСанкт-Петербург шаарынын кооз жайларын, туристтик дараметин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көргөзмө Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата уюштурулду.
Анын ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация, маданият ишмерлери, мугалимдер, окуучулар, студенттер катышты.
Көргөзмө Ош шаарынын тургундарын Санкт-Петербург шаарынын кооз, туристтик жайлары менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Көргөзмө 3 күнгө созулат.
Пикир
Оставить комментарий