• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында сейил бактарды көрктөндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Ош шаарындагы сейил бактарын көрктөндүрүү иштери күчөтүлүп, ландшафттык дизайны жакшырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул тууралуу Ош мэри Бакытбек Жетигеновдун "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасына болгон сапары учурунда белгилүү болду.

Мэр мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып,. ошондой эле ишкананын Тээке айылындагы питомнигине да барды.

Ишкананын жаңы дайындалган жетекчиси Абайнур Большевиков быйылкы жылы шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча негизги пландарын, сейил бактар жана скверлерди көрктөндүрүүдө жаңыча мамиле боло тургандыгын айтты.

Мэр ишкананын жаңы жетекчисине башка өлкөлөрдүн шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тажрыйбасын карап чыгуу керектигин айтты. Анын негизинде шаардагы Курманжан-Датка эстелигинин жанындагы аянтты жаңыдан оңдоп-түзөө боюнча долбоорду даярдоону, күнөсканалардын санын көбөйтүүнү, жашыл аймактарды жакшыртуу үчүн айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууну тапшырды.

Ошондой эле шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча кошумча сунуш берүүнү, Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий