• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында сел жүрүп, 420дан ашык адам эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.24. /Кабар/. Ош шаарында сел жүрүп, 420дан ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:00 чамасында "112" кызматына катуу жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Буга кошумча Ош шаардык №12 ӨКБдан 8 куткаруучу, №13 АӨКБдан 10 куткаруучу тартылды, ККББдан ыкчам топ КБП унаасы менен. Жалпы 46 куткаруучу тартылды.

Куткаруучулар тарабынан 420 адам эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий