• 86.38
  • 91.01
  • 0.87

Ошто "Түштүк Экспо - 2023" көргөзмө-жарманкеси башталды. Иш-чара үч күнгө созулат

Аймак 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Бүгүн С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2023” көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага КР Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Өзбекстан Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты.

Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.

Иш-чара үч күнгө созулат. Анын алкагында "Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк" аталышында бизнес-форумду өткөрүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий