Ош шаарында көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголь аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ош шаарында таранын көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголь аныкталды. Бул тууралууМамлекеттик салык кызматыныны басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык алкоголдук продукция Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө «Кальвадос и Бренди» ЖЧКга таандык кампадан аныкталды.

1 жана 2 литрге чапталуучу акциздик маркалар жарым литрге, 0.01 литрге чапталуучулар 2 литрге чапталгандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында «Винап Алко» ЖЧКсы өндүргөн 6174 бөтөлкө спирт ичимдиктери (коньяк, бренди, кальвадос жана виски) тартып алынды.

Материалдар тиешелүү чараларды көрүшү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий