• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басарлары, мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Майрам 2017-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий