Ош шаарында таштандыларды иргөөчү ишкана иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү" долбоору ийгиликтүү ишке ашты. Долбоорду ишке ашыруу мэриянын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдеринин алкагында мүмкүн болду.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, долбоорду ишке ашыруу мэриянын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдеринин алкагында мүмкүн болду.

Бүгүн ишкана менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жеринен таанышты.

Аталган объект "Таза-Комплекс" ишканасы тарабынан курулган. Станцияда 80ден ашык жумушчу орун түзүлүп, алдыда алардын санын көбөйтүү каралууда.

Таштандыны иргөөчү комплекс Россия жана Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен камсыздалган.

Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта станцияны куруу, ал эми экинчи этап кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү, калдыктардын түзүлүшүн аныктоого квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий