• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарында өткөн жумада 234 кылмыш катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында өткөн жума аралыгында жалпысынан 234 кылмыш катталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 234 кылмыштын 167синин бети ачылды. Калган кылмыштарды ачуу боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатат.

Мурда жасаган кылмыштары үчүн криминалдык милиция кызматы тарабынан издөөдө жүргөн 3 жаран Ош шаарынан сырткары аймакта кармалган.

Ошондой эле 10-декабрда Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жайгашкан жылуулук трассаларынын арасынан табылган белгисиз аялдын өздүгү аныкталды. Ал 50 жаштагы Б.У. аттуу Ноокат районунун тургуну болуп чыкты. Жакындарынын билдирүүсүнө караганда, ал аял болжол менен бир жыл мурда үйдөн чыгып кетип, Ош шаарына келип туруктуу жашаган жери жок жүргөн. Маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилди, өлүмүнүн себеби аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий