• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ош шаарында турак үйдөн чыккан ири өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Ош шаарында турак үйдөн чыккан ири өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн Ош шаарынын Кыргыз көчөсүнүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт саат 16:01де толук өчүрүлүп, тилсиз жоо болжол менен 730 арчы метрди жалмаган. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Белгиленгендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Пикир

Оставить комментарий