• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Ош шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 14-июнунда саат 00:43 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен үйдүн жалпы 126 чарчы метр аянты күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, Ош шаардык башкармалыктын ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары ИИМ, шаардык газ кызматы, жана РЭТ мекемесинен бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 01:20да чектөөгө алынып, саат 03:07де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий