• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ош шаарында Ынтымак жумалыгы башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Күн мурун Ош мамлекеттик университетинде Эл аралык тынчтык күнүнө карата Ынтымак жумалыгына старт берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Тынчтыкты куруу борбору тарабынан уюштурулган иш-чарага мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы күлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Тынчтыкты куруу хабынын өкүлү Дилдора Хамидова, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тынчтык куруучуларды чогулткан жумалык БУУнун негизги улуттук концепцияларын ишке ашырууга, тынчтыкты орнотуу жаатында өнөктөштүктүн жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы инновациялык жолдорун табууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий