Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, ага 15 миңге жакын адам чогулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов дагы катышып, калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттукташты.
Майрам фейерверк менен коштолуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.
Пикир
Оставить комментарий