• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ош шаарында жакында оңдоп-түзөөдөн өткөн эки көчө пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Ош шаарында жакында оңдоп-түзөөдөн өткөн эки көчө пайдаланууга берилет

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ош көчөсүнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү иштери аяктоо алдында турат. Бул жердеги ирригациялык тутумдар толук алмаштырылып, тротуары жасалды. Учурда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Ал эми №177 көчөгө жаңыдан асфальт төшөлүп бүттү. Учурда долбоорго ылайык, электр мамычаларын орнотуу, тротуарды куруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий