• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында жалпы ишембилик өтүп, 2 миң куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.08.22. /Кабар/. 20-августта Ош шаарынын аймагында 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы ишембилик уюштурулуп, ага мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана калаа тургундары чыгышты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар өздөрүнө бекитилген аймактарда санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы өсүп кеткен чөптөрдү оруп, тазалашты.

Ал эми чогултулган 2000 куб таштандыларды “Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканалары ташып чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий