Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында 6-мартта жалпы ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ишембиликке калаадагы мекеме-ишкана, жогорку жана орто окуу жайларынан 8 миң 500 кызматкер жана шаар тургундары катышты.
"Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык тазалоо боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында марттын башынан майдын аягына чейин ар ишемби тазалоо иштери жүрүп турат", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий