• 86.17
  • 93.86
  • 0.87

Ош шаарында жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын, Монополияга каршы кызматынын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда шаардын сырткы көрүнүшүн иретке салуу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жүрдү.

Рейд учурунда жалпы 30га жакын жеке менчик тиш дарылоочу кааналардын, сулуулук салондордун, косметология жана ийне саюучу бөлмөлөрдүн аталыштарынын мамлекеттик тилде жазылуусу каралды. Ошондой эле мыйзам талабына жооп бербеген, иретсиз жайгаштырылган, эскилиги жетип, шаардын көркүн бузган жарнамалар алынып, жарнама ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош шаарынын мэриясы ишкерлерге сырткы аталыштарын жазууда жана жарнамаларды көчөлөргө жайгаштырууда мыйзам талаптарын сактоону эскертет. Рейддик иш-аракеттер уланат.

Пикир

Оставить комментарий