• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарында жугуштуу ооруларга көзөмөл күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты.

Күн тартибинде кутурма, күйдүргү, эхинококкоз, альвеококкоз, бруцеллез сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында мал союлуучу жана сатылуучу жайларда ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, аталган жайларда эпизоотикалык жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында жугуштуу ооруларга каршы ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү мекеме, кызматтардын жетекчилерине тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле мамлекеттик жана жеке ветеринардык адистерге, малчыларга аталган жугуштуу оорулардын алдын алуу жана коргоо чаралары боюнча окууларды өткөрүү, мыйзамда каралган талаптарга ылайык, мал союлуучу жайларда капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий