Ош шаарында жугуштуу ооруларга көзөмөл күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Ош шаардык клиникалык ооруканасында мэрияга караштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты. Күн тартибинде Ош шаарында сибирь жарасы, бруцеллёз, кызамык жана кызылча жугуштуу илдеттеринин алдын алуу иш-аракеттери тууралуу маселелер талкууланып, эпидемиологиялык абалы, эмдөөнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтар угулду.

Ош шаарында бүгүнкү күндө сибирь жарасы (күйдүргү) оорусу катталбаганы белгиленип, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине эт-сүт азыктарына бардык зарыл болгон санитардык жана ветеринардык талаптардын сакталышын камсыздоо боюнча ар тараптуу иштерди күчөтүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.

Ош шаардык ветеринардык инспекциясына:

- мал ээлерине малдардын сибирь жарасы жана башка ооруларына каршы вакцинанын маанилүүлүгүн түшүндүрүү;

- мал чарбасында ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, мал-жандыктарды союунун алдында экспертизадан өткөрүү, №2 формасын талап кылуу;
- мал-жандыктарды тийиштүү ветеринардык жолдомолордун негизинде союу;
- мал союучу жайлардын абалын санитардык, ветеринардык талаптарга туура келтирүү;

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына:
- калк арасында, казыят менен биргеликте өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алуу, эмдөөдөн баш тарпоо, иммунопрофилактика боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
- муниципалдык аймактык башкармалыктарда чумага каршы бөлүмү, Ветеринардык инспекция, Сан-эпид. көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан мекеме-ишканаларда, коомдук тамактануучу жайларда, соода түйүндөрдө, базарларда рейдтерди уюштуруу, айрыкча эт саткан павильондор, жеке мал баккандар арасында өзгөчө кооптуу жугуштуу илдеттердин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине:
- Ош шаарында профилактикалык эмдөө иштерине көзөмөлдү күчөтүү;
- эмдөөлөрдүн сапатына фармакологиялык көзөмөлдү жүргүзүү;
- бекитилген жол-жоболорго ылайык вакциналарды сактоо;
- вакциналарды ташуу жана колдонуу учурунда температуралык режимге көзөмөлдү күчөтүү;
- өзгөчө кооптуу жугуштуу оорууларга шектүүлөрдү аныктоо жана алгоритмге ылайык иш алып баруу;
- катталган өзгөчө кооптуу жугуштуу илдеттерге өз убагында байкоолорду, залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү;
- шаарда менчигинин түрүнө карабастан билим берүү тармактарында, тойкана, кафе-ресторандарда, базарларда, эт азыктарды сатуучу павильондордо санитардык-гигиеналык эрежелердин, талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
- саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерин өзгөчө кооптуу оорулар боюнча окутуудан өткөрүү;
- кооптуу оорулар аныкталган учурда аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу.

Пикир

Оставить комментарий