• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарындагы Алиев жана Салиева көчөсүндөгү асфальттоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Алиев жана Салиева көчөсүндөгү асфальттоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, 28-октябрда курулуш тармагын тейлеген вице-мэр Жасур Азимов тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаарда асфальттоо иштери жүрүп жаткан көчөлөрдү текшерди.

"Алгач Алиев көчөсүнө барышты. Негизги көчө асфальттанганы менен, айрым мүчүлүштүктөр бар экендигине күбө болушту. Жолдун эки тарабындагы тротуарларды асфальттоо иштери жүрүп жатат. Өз мөөнөтүндө толук кандуу бүтпөй жаткандыгын вице-мэр жолдор башкармалыгына жана тендерди уткан компанияга эскертип, эң негизгиси сапатына көңүл буруу керектигин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Салиева көчөсүндөгү асфальт басуу иштерин көрүштү. Учурда асфальттын экинчи катмары басылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий