• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы жаңыланды

Спорт 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы жаңылангандан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз футбол союзунун биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Эл аралык футбол федарациясынын (FIFA) өкүлү Вашкевич Андрей, Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын директору Абдуллаев Тимур жана КФБнын Ош шаары жана Ош облусундагы өкүлү Нурсултан Кадырбеков катышышты.

Белгилей кетсек, футбол аянчасынан сырткары академиянын административдик корпусу, ага караштуу жатакана капиталдык оңдоодон өттү.

Пикир

Оставить комментарий