Ош шаарындагы көчөлөрдүн бири кеңейтилет

Аймак 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Т. Турсунбаева көчөсүн кеңейтүү иштерин баштоо боюнча бүгүн шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө жыйын өттү.

Муниципалитеттен белгилешкендей, аталган көчөнү кеңейтүү менен жол тыгындарынын алдын алуу жана жоюу каралган. Ошондой эле Ош – Бишкек автожолунан (Т-формасындагы айлампа) Ош шаарына кирүүчү кошумча жолдун ачылышы менен унаалардын каттамы дагы да көбөйөт. Андыктан ага чейин жолду кеңейтүү иштерин бүткөрүү зарыл.

Бул иштердин алкагында биринчи этапта Т.Турсунбаева көчөсү Навои көчөсүнүн кесилишинен Артыкова көчөсүнүн кесилишине чейин унаалар үчүн жол убактылуу жабылат.

Жолдун узундугу 850 метрди түзүп, тротуар жана ирригациялык тармактарды кошкондо 19 метрге чейин кеңейтүү каралган.

Буга чейин аталган жол тилкедеги мыйзамсыз жана өз алдынча чыгып кеткен курулуштар жана соода түйүндөр ээлеринин макулдугу менен бузулуп алып салынган. Эми ирригациялык тутумдар жылдырылып, жол кеңейтилип, асфальт төшөө иштери жүрөт.

Убактылуу ыңгайсыздактар үчүн шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий