Ош шаарындагы кесиптер жарманкесинде 2 миңден ашык бош орун сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жумуш издеген жарандар үчүн кесиптердин жарманкесин уюштурду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашкандай, 45 компания экономиканын ар кайсы тармактарында 2 миңден ашуун бош жумуш орундарды сунушташты.

Ошондой эле ишке орноштурууга көмөктөшүү, кесиптик даярдоо боюнча консультациялар, иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүүлөр жана ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулуп, ийгиликке жеткен инсандар мотивациялуу окуялары менен бөлүшүштү.

Жарманкеге 1500дөн ашык жумушсуз жарандар, жаштар, ЖОЖдордун жана мектептердин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Белгиленгендей, бул иш-чара JIA бизнес ассоциациясы менен биргеликте Миграция ресурстук борбору колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий