• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарындагы кышка даярдык текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош Жылуулук борборунун жетекчилиги менен биргеликте Ош шаарындагы көмүр сатуучу базаларды, мектептерди, бала бакчаларды кыдырып, кышка карата даярдык, көмүр менен камсыздоо жана отканалардын даярдыгын жеринде көрүп чыкты.

Бул багытта мэр кышка чейин шаардагы мектептердин, бала бакчалардын отканаларын сапаттуу көмүр менен камсыздап, Ош Жылуулук борборунун жетекчилигине кышкы жылытуу мезгили башталганга чейин бардык жумуштарды бүткөрүүнү милдеттендирди.

Мындан сырткары, ишкананын көмүр базасына барып, кара отундун сапатына, сакталышына көңүл бурду.

Андан сырткары калкка сатылып жаткан көмүр базаларына да барып, кара отундун баасы жана сапаты боюнча сатуучулар менен пикир алышты.

15-августтан тарта Ош шаарынын аймагынын 18 жеринде көмүр базалары ачылып, сапатына жараша 5 сом 50 тыйындан, 6 сом 80 тыйынга чейин сатылууда.

Белгилей кетсек, Ош шаары кышкы жылытуу мезгилине карата 22 800 тонна көмүр керектейт. Учурда 18 көмүр базасынан жалпы 6 000 тонна көмүр сатылган.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары, кышка карата даярдыкты азыртадан көрүп, көмүр баасынын арзан учурунда, кезек күтпөй, суук түшкөнгө чейин камдап алууңуздарды суранабыз.

Пикир

Оставить комментарий