Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Керме-Тоо орто мектебинин биринчи кабатындагы көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун социалдык бөлмөсүнөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт болгон жерге куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүмчө тартылган.
Өрт саат 11:55те чектөөгө алынып, саат 12:01де толугу менен өчүрүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий