• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы Ж.Раимбеков көчөсү 3 метрге кеңейтилди

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн асфальттоо, жашылдандыруу жана жарыктандыруу жумуштарынын алкагында техникалык көчмө кеңешмесин өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр тиешелүү кызматтарга жана куруучуларга жасалып жаткан жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабын койду. Анын ичинде электр жана интернет провайдерлердин чубалгыларын иретке келтирүү, куураган, кооптуулукту жараткан дарактарды алып салуу жана башка жака жылдыруу сыяктуу коммуналдык тармактарга тиешелүү болгон жумуштарды белгиледи.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттарды жана жарнамаларды талапка ылайык келтирүү боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн Ж.Раимбеков көчөсү 3 метрге кеңейтилген.

Ошондой эле Бакытбек Жетигенов көчөгө куруу пландалып жаткан жаңы мечиттин сунушталып жактан долбоору менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий