Ош шаарындагы жазгы үч айлыкка активдүү катышкандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын аймагында март, апрель, май айларында өткөрүлгөн жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга активдүү катышкан бир нече ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер сыйланышты.

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тазаланган жер эмес, булганбаган жер таза болоорун белгилеп, шаар үчүн жазгы үч айлыкта эле эмес, жыл бою биргеликте кам көрүүгө чакырды.

Салтанаттуу жыйындын алкагында, өткөрүлгөн үч айлыкта жогорку жоопкерчилик менен активдүү катышкан муниципалдык аймактык башкармалыктарга, мекеме-ишканаларга, көп кабаттуу үйлөргө:

  • "Мыкты муниципалдык башкармалык";
  • "Мыкты кварталдык комитет";
  • "Мыкты көп кабаттуу үй";
  • "Мыкты социалдык мекеме";
  • "Мыкты муниципалдык ишкана".

Ошентип, "Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн мыкты жеке менчик ишкана" наамдары боюнча сертификаттар менен акчалай сыйлыктар, ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий