• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарынын быйылкы бюджети дээрлик 3 млрд сом деп болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук угууда Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди.

Андан кийин "Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча сунуштарды киргизип, баяндама жасады.

Андан соң Ош шаарынын тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, бюджеттин долбоору боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти.

Марс Исаев үстүбүздөгү жылдын бюджетин бекитүүдө шаардыктардын кайрылуулары жана сунуштары эске алынаарын билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаарына быйылкы жылга карата 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сомго бюджет долбоору каралган.

Пикир

Оставить комментарий