• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун эң узун көчөлөрүнүн биринде 5,5 км тротуарды реконструкциялоо башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.08.22./Кабар/. Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жолдун эки тарабындагы тротуарларды оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мында жасалуучу тротуардын узундугу 5,5 км, туурасы 3 метр болот. Жумуш IV кварталдын аягында бүткөрүлүүсү пландалууда.

Эске салсак, Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, быйыл калаада 38 көчөнүн тротуарларын реконструкциялоо максатталган. Учурда 18 көчөнүн боюндагы 26 чакырым тротуарда иш жүрүп жатат. Бардык жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү аракети көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий