• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын күнүн өткөрүү үчүн даярдыктар кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Быйыл Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Учурда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Майрам күнү шаарда бир катар маданий-массалык иш-чаралар өтөт.

4-октябрда Ош МУнун залында «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму болот.

5-октябрь күнү Эл аралык жаштар Форуму, Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү, жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү, “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы, “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманкеси, “Билим жана чыгармачылык жарманкеси” , клубдар арасында волейбол мелдеши жана улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт.

Ал эми кечинде шаардын борбордук стадионунда Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусунда майрамдык гала концерт болот. Андан соң жаштар үчүн бий кече уюштурулат.

Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет. Быйыл Ош шаарына 3018 жыл.

Пикир

Оставить комментарий