Ош шаарынын мэри 25-Евразиялык экономикалык саммитке катышты

Аймак 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. 8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында “Глобалдык соода коомдоштуктарынын ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк: барган сайын санариптик, жашыл дүйнөгө карай” аттуу 25-Евразиялык экономикалык саммит өз ишин баштады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, саммиттин ишине мэр Алмаз Мамбетов катышты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өз сөзүндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жана соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде бир тууган шаарлар менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, каржы сектору, кызмат көрсөтүүлөр жана санариптик экономика барган сайын маанилүү роль ойноп жаткан ири шаарлардын маанисинин өсүп жатканы белгиленди.

Мамбетов ошондой эле Ош шаарында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү, кичи жана орто бизнести колдоо, климаттын өзгөрүшү, жашыл экономикага өтүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү планетанын глобалдык көйгөйлөрүнүн бирине айланды, анын чечилиши ар бирибизден көз каранды. Ош шаары экологияны сактоо жана жакшыртуу максатында акырындап жашыл экономикага өтүүнү чечти. Бул маселени практикалык ишке ашыруу үчүн биз Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын “Жашыл шаарлар” глобалдык программасына кошулууну чечтик, анын алкагында коомдук электр автобустарын сатып алуу пландалууда, шаардагы жашыл зоналарды, сейил бактарды көбөйтүү боюнча чаралар көрүлүүдө”, - деди калаа башчы.

Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өзүнчө айтылды.

“2021-жылы Ош шаарында өткөн биринчи эл аралык туристтик форумда эл аралык эксперттер Ош шаарын Улуу Жибек жолунун туристтик провайдери катары тааныган. Бул бизге байыркы шаарыбыздын мурунку улуулугун кайра жандандырууга мүмкүндүк берет жана чакан жана орто бизнести, инвестициялык долбоорлорду, жалпысынан жана региондун бүтүндөй экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет. Бул үчүн Ош шаарынын мэриясы өзүнүн туристтик брендин иштеп чыгып, аны эл аралык туризм рыногуна жайылтуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”, - деп баса белгиледи Мамбетов.

Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, Евразиянын ири мегаполисттеринин жана шаарларынын администрацияларынын өкүлдөрү, экономисттер, илимпоздор жана искусство ишмерлери, ишкерлер, коомдук жана саясий ишмерлер, бир катар аналитикалык борборлордун жетекчилери, ошондой эле эл аралык жана облустук уюмдар катышууда.

Саммиттин жүрүшүндө бир катар орчундуу маселелер боюнча эки тараптуу талкуулар болду.

Пикир

Оставить комментарий