Ош шаарынын мэри Британиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде инвестиция, туризм тармагын өнүктүрүү, эмгек мигранттарын колдоо, Ош шаарынын жаштарын англис тилин жана IT-технологияларын үйрөнүү боюнча билимин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Элчи Боулер быйыл Ош шаарындагы кичи жана орто бизнести колдоо максатында инвестиция тартуу боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга кызыктар экендигин билдирди.

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы шаар тургундары үчүн пайдалуу болгон бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, демилгелерди колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ош шаары менен Бирмингем шаарынынын ортосунда тажрыйба алмашуу, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий