Ош шаарынын мэри кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер, урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди ыйык Курман Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Бүгүн мээримдүү, кайрымдуу, кечиримдүү болууга чакырган өзгөчө күн. Адамдарды достукта, биримдикте бириктирген, жаратканга жакындаткан ыйык майрам.

Дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт майрамын жалпы мусулман коомчулугу аралыкты сактоо менен, айт намазына чогулбай өткөрүп жатат.

Жараткандын улуу күнүндө жугуштуу илдеттен кутулууга, ооруп жаткандарга ден соолук, өмүр каалап тилек кылалы.

Ар бир кыйынчылыктын артынан сөзсүз жакшылыктар келет.

Өлкөбүздө, шаарыбызда, ар бир үйдө тынчтык болсун. Бүгүнкү күндөгүдөй адамдар дайым жакшылык иштерди жасап, ынтымакта бололу.

Ыйык майрамда чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылып, ар дайым сооп иштерди жасоого насип кылсын.

Өлкөбүздө жакшылыктар болуп, элибиз ден соолукта болсун.

Майрамыңыздар менен!”.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов

Пикир

Оставить комментарий