Ош, 25.07.18. /Кабар/. Кечээ, 24-июлда Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык жыйыны өттү. Жыйынга КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканаларынын жетекчилери, аймактык кеңештин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расул Кадыров Таалайбек Сарыбашовго БШКнын мэрлик кызматка расмий каттаганын билдирип, күбөлүк тапшырды.
Белгилей кетсек, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин кезексиз отурумунда мэр шайланган. Жалпысынан 45 депутат толугу менен катышып, Таалайбек Сарыбашов 44 добуш алган.
Пикир
Оставить комментарий