• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ош мэри жол тыгындарын илимий изилдөө жолу менен чечүүнү көздөөдө

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамааты менен жыйын өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын катышуучулары шаардын жолдорундагы тыгындар, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, шаар куруу жана социалдык көйгөйлөрдү талкуулашты.

Шаар мэри практикалык сунуштарды угуп, шаардын көйгөйлөрүн илимий изилдөөнүн негизинде биргелешип чечүүгө даяр экенин билдирди.

Бул максаттарда сунуштарды кабыл ала турган жана конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулай турган тиешелүү жумушчу топторду түзүү каралууда.

"Бул долбоордун алкагында ОшМУ шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалар менен тыгыз кызматташат. Алар биргеликте шаардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча системалуу жана комплекстүү чараларды иштеп чыгышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий