• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарынын мэриясы 2021-жылдын мыктыларын тандайт

Аймак 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы 2021-жылдын мыктыларын тандайт.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыл мыктыларын аныктоо төмөндөгү номинациялар менен аныкталат:

1. “2021-жылдын мыкты жаш журналисти”;

2. “2021-жылдын мыкты жаш спортчу мырзасы”;

3. “2021-жылдын мыкты жаш спортчу айымы”;

4. “2021-жылдын мыкты жаш ишкери”;

5. “2021-жылдын мыкты студенти”;

6. “2021-жылдын мыкты куруучусу”;

7. “2021-жылдын мыкты жаш жетекчиси”;

8. “2021-жылдын мыкты жаш акыны”;

9. “2021-жылдын мыкты жаш дарыгери”;

10.“ 2021-жылдын мыкты жаш блогери”;

11. “2021-жылдын мыкты жаш мугалими”;

12. “2021-жылдын мыкты жаш ырчы мырзасы”;

13. “2021-жылдын мыкты жаш ырчы айымы”;

14. “2021-жылдын мыкты жаш мамлекеттик кызматкери”;

15. “2021-жылдын мыкты студиясы”;

16. “2021- жылдын мыкты жаш тамашоу оюнчусу”.

Ал эми жыл мыктыларын аныктоо төмөндөгү критерийлер менен аныкталат:

Жыл мыктыларын аныктоо Ош шаарынын мэриясынын социалдык баракчасынан жарыяланып, андагы сунушталган талапкерлер эске алынып, (комментарий аркылуу сунушталган талапкерлер) эң көп сунушталган талапкердин документтери комиссия тарабынан кароодон өткөрүлөт;

Мында ар бир талапкер өзүнүн 2021-жыл ичиндеги конкреттүү жасаган эмгеги жана ийгиликтери менен бааланат, мурунку жылдардагы жасаган эмгеги бааланбайт;

Катышуучу талапкерлердин 2021-жыл ичи аткарган жумушунун жыйынтыгында алган сыйлыктары (Ардак грамота, төш белги ж.б) ырастуулугу комиссия тарабынан кароодон өткөрүлөт;

Жыл мыктыларына катышуучу талапкердин жашы 20дан 30 жашка чейин болуусу абзел.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, бир номинацияга бир гана талапкер ээ боло алат. Ал эми мурунку жылдарда “Жыл мыктысы” номинациясын алган катышуучу кайрадан Жыл мыктысы боло албайт.

Пикир

Оставить комментарий