• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Ош шаарынын мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп, 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барды.

Жыйындын күн тартибинде 5 маселе каралды:

1. Ош шаарынын 2024-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылдын IV квартальна карата милдеттер жөнүндө;

2. Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жыйынтыгы жөнүндө;

3. "Oш шаарынын мариясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;

4. Шаар куруу, архитектура, курулуш тармагында аткарылган иштер жөнүндө;

5. Ош шаарына пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоорунун алкагында муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө.

Жыйындын соңунда күн тартибине коюлган маселелер боюнча сунуштамаларды киргизүү менен токтом долбоорлору бир добуштан кабыл алынып, шаар бийлиги тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий