• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору курулууда

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясына караштуу Жаштардын муниципалдык борборунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3 кабаттан турган жаштар борборунда жаштардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, IT-Хаб, акысыз чет тил курстары, китепкана, коворкинг, компьютердик бөлмөлөр болот.

Борбордо жаштар окуп, жаңы долбоорлорду, идеяларды талкуулашып, чыгармачыл жана инновациялык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору өлкөдөгү биринчи борбор болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 46 млн сомду түзөт. 100 миң доллар БУУнун Өнүктүрүү программасынын Жаштарды колдоо долбоорунан бөлүнөт. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жаштардын саны 150 миңден ашат.

Пикир

Оставить комментарий