Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык "Алтын балаты – 2025" майрамы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубанычтарды жана окууларында ийгиликтерди каалады.
Мэрдин балатысына 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы тартууланып, соңунда таттуу белектер тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий