• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарынын жана Ош облусунун бардык шайлоо тилкелери президенттик шайлоого даяр - Кадыров

Аймак 0

Ош, 09.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун жана Ош шаарынын бардык шайлоо тилкелери алдыдагы президенттик шайлоого толугу менен даяр. Бул тууралуу Ош облусу боюнча БШКнын өкүлү Расулбек Кадыров билдирди.

Анын айтымы боюнча, болжолдуу маалыматтарга ылайык Ош облусу жана Ош шаары боюнча 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоодо 746 миң 724 адам добуш бере алат.

Ош облусу боюнча 488 шайлоо тилкеси бар, 29-сентябрга карата алынган маалыматка ылайык ал жакта 599 миң 378 адам добуш берүүгө укуктуу, ал эми Ош шаары боюнча 73 шайлоо тилкеси болсо, анда 158 миң 346 адам добуш бере алат.

“Учурда бардык шайлоо тилкелери алдыдагы президенттик шайлоого толугу менен даяр. Бардык шайлоо тилкелери керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Шайлоого үч күн калганда шайлоо тилкелерине керектүү кагаздар таркатылат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий