• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош ШИИБ: Блогер Улукбек Карыбек уулуна карата "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Блогер Улукбек Карыбек уулуна карата "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөттөн кийин жаткан 20 бейтап арыз менен кайрылган. Алар анда блогер Улукбек Карыбек уулу төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз кирип, уруксатсыз эле тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алгандыгын билдиришкен.

“Териштирүү ишинин жүрүшүндө Улугбек Карыбек уулу төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сактабай, тактап айтканда, бахила, беткап, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирген. Ал дарыгерлердин талабына баш ийбестен бир дарыгердин колун кайрып, экинчи дарыгерди түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийген. Андан соң блогер төрөт үйүнүн ар бир палатасына кирип, ал жерде төрөттөн кийинки жаткан 10дөй адамдан интервью алгандыгы аныкталган. Натыйжада төрөт үйүнө 36 миң 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат маалыматта.

Улукбек Карыбек уулу өзүнүн Facebook`тагы баракчасына "милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып баратышат" деген маалымат тараткан.

“Азыркы учурда Улукбек Карыбек уулуна карата жогоруда айтылган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле шектүүгө алгачкы сурак иштери жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя боюнча тергөөнүн жүрүшүнө карап, кошумча маалымат берилет”, - деп белгилешти шаардык милициядан.

Пикир

Оставить комментарий