Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
2018-жылдын 29-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынынтоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Пикир
Оставить комментарий