Ош жана Баткен облустарынын аймагында сел жүрдү

Кырсык 0


Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош жана Баткен облустарынын аймагында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, болжол менен саат 16:10дор чамасында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Ноокат районунун Абшыр-Ата, Кара-Булак жана Тескей-Кожоке айылдарына сай аркылуу келген сел суулары 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларына, 1 бала бакчага кирген.

Ошондой эле Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кичи-Айдаркен, Жеңиш жана Сур айылдарына сай менен келген сел суулары турак үйлөрдүн короосуна, бакчага, мектептин спорт залына жана Кадамжай – Айдаркен унаа жолунун айрым жерине келген.

Учурда жеринде сел кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар жана ыкчам топтор иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий