• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош жана Баткен облусунда катуу жаандын айынан сел үйлөрдү каптап, 15 бодо малды суу агызып кетти

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Ош жана Баткен облусунда 18-май күнү кечке маалы жааган катуу жаандын айынан сел суулар үйлөрүн короолорун каптап, 15 бодо малды сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Папан айыл аймагынын Алчалуу айылынын Жаңы-Айыл тилкесинде 6 турак үйдүн короолорун, 2 турак үйдүн жер төлөсүн, 300 метр ички чарбалык унаа жолду жана "Алчалуу" каналын 100 метр аларылыгын каптаган.

Жерине райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы, ӨКМ мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси барышып, айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

19-май күнү тартылган техниканын жардамында саат 14:25 унаа жол жана сел өтүүчү канал толук тазаланган. Ал эми турак үйлөрдүн короосуна кирген сел суулары үй ээлери тарабынан тазаланган.

Мындан тышкары, кокту колоттордон келген сел суулары Ош – Папан – Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырым аралыктарын кум шагылга толтуруп, жергиликтүү тургундардын 15 баш бодо малын сел суулары агызып кеткен. Ошондой эле Папан суу сактагычынын кампасына сел суулары кирген.

Жерине 1 грейдер тартылган. Тартылган техниканын жардамында саат 21:20 унаа жол толук тазаланган. Ал эми Папан суу сактагычынын кампасына кирген сел суулары Папан суу сактагычынын кызматкерлери тарабынан тазаланат.

Ноокат районунда Н.Исанов айыл аймагынынын Тескей-Кожоке айылынын Чалчык тилкесинде сел жүрүп ички чарбалык унаа жолунун 3-4 чакырым арылыгын жараксыз абалга келтирген жана Чалчык тилкесинде жашаган 3 турак үйдүн короо сарайарларын сел суулары каптаган.

Жерине КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн офицери жана айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч жана 1 трактор тартылган.
19-май күнү тартылган техниканын жардамында саат 18:00да унаа жол толук тазаланган.

Ноокат районунда 19-майда саат 00:00 катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылында жайгашкан сел өтүүчү каналдан суу ашып 1 турак үйдүн короосун (огород) аралап өткөн.

Жерине КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн офицери барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.

Ал эми Баткен облусунун Лейлек айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел суулары Ак-Терек айылында ички чарбалык унаа жолунун 15 чакырым аралыгын жана 3 чакырым ички чарбалык арыктарын кум шагылдарга толтурган.

Катраң айыл аймагында жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел суулар Коргон-Катраң ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлерин толтурган.

Селден жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Жайыт комитетинен 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор, №13 ЖТИден 1 грейдер тартылган.

19-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, Ак-Терек айылынын 15 чакырым ички жолдоруна кум шагылга толгон, 4 чакырым ички чарбалык жолдор кум-шагалдан тазаланган.

Катран айыл аймагы Кой-Таш участкасында 1,5 чакырым ички жолдор кум шагалдан тазаланып, саат 17:00дө жумуш токтотулду. Тазалоо иш-чаралары 19-май күнү улантылат.

Лейлек районунун катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Беш-Кент айыл аймагынын Беш-Кент айылынын Шоро тилкесинин жана Лайлы айылын аралап өткөн сел өтүүчү каналдан суу ашып Интернационал-Маргун ички чарбалык унаа жолун жана арыктарды суу каптап, шагылга толтурган.

Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Маргун-Чурбек ички чарбалык унаа жолунун 3 чакырым аралыгын сел каптаган бирок жол каттамы ачык. Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок. Учурда кырдаал айыл аймак башчысынын көзөмөлүндө жана №13 ЖТИден 1 грейдер нөөмөткө тартылган.

Пикир

Оставить комментарий