• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош жана Мешхед шаарлары боордош калаа боло алат

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22./Кабар/. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда М. Исаев Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан элчиге салам жолдоп, эки тараптуу мамилелер өнүгүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Ош шаары менен Иран Ислам Республикасынын ири шаарларынын, атап айтканда, Хорасан-Разави провинциясынын административдик борбору Мешхед шаарынын (калкы 2,5 миллиондон ашуун) ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

С.Харазинин айтымында, Мешхед шаарынын жетекчилиги Ош шаары менен кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле боордош шаар мамилелери боюнча меморандум түзүүгө даяр.

“Быйыл Кыргызстан менен Ирандын ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө, анда Кыргызстандын экинчи чоң шаары – Ош шаары менен Ирандын экинчи чоң шаары – Мешхед шаарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү пункттары камтылат”, - деди С.Харази.

Ошондой эле, бул кызматташтыктын алкагында катуу тиричилик калдыктары менен иштөө, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана башка тармактарда жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу багытында иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

Жолугушуунун соңунда Саид Харази Ош шаарынын күнүн белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга ардактуу конок катары чакырылды.

Пикир

Оставить комментарий