Ош жана Санкт-Петербург шаарлары санариптик өнүктүрүү тажрыйбалары менен бөлүшөт

Аймак 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов боордош шаар Санкт-Петербург шаарынан келген санариптештирүү боюнча адистерден турган топ менен жолугушту.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Санкт-Петербургдан келген коноктор маалыматтык технологияларды, нейрондук тармактарды жана видеоаналитика системаларын шаар аймагында, коопсуздук, транспорт тармагын жөнгө салуу боюнча кырдаалдык-мониторинг борборунун ишмердүүлүгүн колдонуу тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары, шаар тургундары жана коноктору үчүн маанилүү болгон маалыматты жайылтуу үчүн чатбот-платформаларды жана роботтордун ишин киргизүүнүн маанилүүлүгү, өзгөчө кырдаалдар учурунда маалыматты ыкчам билдирүү, ЖМК жана социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү, тиешелүү кызматтар менен уюмдардын өз ара аракеттенүүсү, атайын шашылыш кызматтарды чакыруу сыяктуу долбоорлор боюнча да токтолуп өтүштү.

Коноктор муну менен катар шаардагы бир катар мунципалдык ишканалардын жана кызматтардын ишмердүүлүгү менен таанышып, Ош шаарында санариптештирүү боюнча бир катар пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу планын талкуулашат.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербург шаары санариптештирүү багытында 20 жылдык тажрыйбасы бар. Шаарда жүздөн ашык маалымат системасы иштейт. Мындан сырткары араб жана Азия өлкөлөрүнө тажрыйба жана технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жагынан бир топ тажрыйбага ээ.

Пикир

Оставить комментарий