Ошко Санкт-Петербург шаарынан өкмөттүк делегация келди

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарына иш сапары менен Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы – Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегация келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конокторду Ош аэропортунан Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Константин Бахтин тосуп алышты.

Делегаттар Ош шаарына соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Санкт-Петербург-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына катышуу үчүн келишти.

Эске сала кетсек, Ош жана Санкт-Петербург шаарлары 2004-жылдан бери боордош болуп, эки тараптуу кызматташуу жигердүү өнүгүп келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий