• 87
  • 91.29
  • 0.84

ОшМПУ "Эл достугу" аталышындагы маданий фестивалда башкы орунду ээледи

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар ортосунда өткөн "Эл достугу" аталышындагы маданий фестивалда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) командасы башкы орунду камсыздады. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган саамалык Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана "Вместе мы сила" коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Фестивалга Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин "Японияга жумушка орноштуруу" борборунун студенттери катышып, япон элинин маданиятын, улуттук өзгөчөлүктөрүн сахнада чагылдырышты.

Ар улуттун нарк-насилин жана маданиятын даңазалап, элдердин достугун бекемдөөгө багытталган бул иш чарада ар бир окуу жай өздөрү тандап алган улуттун маданиятын көрсөтүшүп, катышуучулар өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Иш-чара эстрада жылдыздарынын да катышуусунда өтүп, атайын калыстар тобу да дайындалган.

Фестивалдын жыйынтыгында комиссиянын чечими менен өзгөчө даярдык менен катышкан ОшМПУнун командасына 1-орун ыйгарылып, атайын дилпом жана 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий