• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

ОшМПУда эл аралык түрк академиясынын катышуусунда конференция өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайында Эл аралык Түрк Академиясы менен биргеликте илимий конференция өтүүдө.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш чарада “Жасалма интеллект доорундагы тилдерди окутуу менен изилдөөнүн санариптик трансформациясы: тоскоолдуктар менен мүмкүнчүлүктөр” темасында өтүп, ага Казакстан жана Өзбекстандан келген коноктор, окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер катышууда.

Жыйындын расмий ачылышында университеттин ректору Бекмурза Зулуев, Назарбаев университетинин казак тили жана түрк таануу департаментинин коомдоштурулган профессору Зейнеп Жуматаева жана педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыялбек Акматовдор конференциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалоо менен бирге кутттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Саамалык гибриддик форматта өтүп, пленардык жыйында ф.и.д., профессор Насиба Сабирова, п.и.д., профессор Нурша Орозахунова, Казак улуттук университетинин түрк таануу жана тил теориясы кафедрасынын ага окутуучусу Султанбек Кутлугжон, ОшМПУнун улук окутуучусу Айсырга Ырысбаева жана түрк тилин окутуу методикасы бөлүмүнүн доктору, профессор Невин Аккаялар доклад окуп жатышат.

Конференциянын алкагында алдыда секциялык иштер өткөрүлүп, резолюция кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий