• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

ОшМПУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайында "Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө" мыйзамынынын кабыл алындыгынын 35 жылдыгына карата 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү белгиленип, адабий кече өткөрүлдү.

Иш-чарага тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов жана окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук усулдук жамаат жана студенттер катышты.

Майрамдык кечени окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып, жалпы жамаатты тил майрамы менен куттуктап, коомчулукта адабий сүйлөө муктаждыгы бар экендигин, тилди урматто, сыйлоо, аны бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү парз экендигин баса белгилеп өттү.

Андан соң студенттер тарабынан эне тилди даңазалаган майрамдык салтанат уюштурулуп, кыргыз улуттук кийимдер көргөзмөсү жана тилдин улуулугун, маанилүүлүгүн даңктаган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий