• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ОшМУ Франциянын университеттери менен кызматташтыкты жандандырмакчы

Аймак 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру Ош мамлекеттик университетинде ректор Каныбек Исаков менен жолугушуп, биргелешкен кызматташтыктарды жандандыруу багытында сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу аталган ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Микаэл Ру Франция элчилигинин ишмердүүлүгү, француз тилин өркүндөтүү, француз маданиятын жайылтуу багытында өлкө аймагында аткарылып жаткан иштери жөнүндө айтып, бул багытта Ош мамлекеттик университети менен да алакаларды жандантып, байланыштарды күчөтүүгө кызыктар экендиктерин белгиледи.

Өз кезегинде ректор Каныбек Исаков университеттин башка өлкөлөр менен болгон карым-катышы, ар тараптуу кызматташуулары жөнүндө айтып, француз тилин, маданиятын окуп үйрөнүүгө кызыккан студенттер үчүн Франциядагы университеттер менен байланышып, кызматташууларды бекемдеп, академиялык мобилдүүлүк багытындагы иштерди жандандырууга багытталган иштер тургандыгын айтты.

“Жолугушуунун экинчи бөлүгү Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде уланып, анда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру мырза студенттерге Франциядагы жогорку окуу жайлары, аларга тапшыруунун, стажировкалардан өтүүнүн жолдорун, Erasmus+ программасынын алкагында кайсы ЖОЖдор менен академиялык мобилдүүлүктү ишке ашырса боло тургандыктарын маалымдады. Ошондой эле 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы студенттер үчүн окуп, иштеп келүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендиктерин белгиледи. Учурда Франциядан келип, студенттерге билим берип жаткан бир волонтерубуз бар”, - деди факультеттин деканы Сабыргул Калыгулова.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер келген конокторго концерттик программаларын тартуулашты.

Белгилей кетсек, ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде француз тили экинчи чет тили катары окутулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий